
Жарыяланган
2026-21-04, 18:11Бишкекте таза суунун баасын көтөрүү пландалууда. Мэриянын тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мэриянын маалыматы боюнча, азыр шаар тургундары 1 куб метр суу үчүн 10.45 сомдон төлөшөт. Бирок ал чыгашаларды жаппайт. Анын үстүнө көп нерсеге баалар өсүп, алардын чыгымдары да улам көбөйүүдө. Ошондуктан шаар бийлиги таза сууну акысын көтөрүүнү сунуштап жатат.
Калк үчүн сунушталган тариф:
- таза суу – 15.73 сом
- канализация – 6.8 сом
Андан тышкары жеке ишкерлер менен ишкана-компанияларга, сууну көп короткон жайлар үчүн кошумча коэффициенттер колдонулат.
Жеке ишкерлер жана ишкана-компаниялар – 2.1 коэффициенти
- таза суу – 15.73 х 2.1 = 33.03 сом
- канализацтя – 6.8 х 2.1 = 14.28 сом
Сууну көп колдонгон жайлар (мончо, унаа жуучу жай ж.б.) – 3 коэффициенти
- таза суу – 15.73 х 3 = 47.19 сом
- канализацтя – 6.8 х 3 = 20.4 сом



