Akchabarsearch
Бишкекте заманбап медициналык шаарча курулат

Жарыяланган

2025-26-08, 15:41

Бишкекте заманбап медициналык шаарча курулат

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү алдыңкы мамлекеттик медициналык мекемелерди бириктирген жаңы медициналык шаарчаны куруу боюнча жарлыкка кол койду. 

Шаарчанын курулушу жана жабдуусу негизинен Бишкектеги капиталдык оңдоону талап кылган медициналык мекемелердин имараттарын этап-этабы менен менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттардын эсебинен, жеке инвестициялар жана эл аралык уюмдар тарабынан каржыланат. Зарыл болгон учурда республикалык бюджеттен да каражат бөлүнүшү мүмкүн.

Мамлекеттик медициналык мекемелерди жаңы шаарчага көчүрүү этап-этабы менен жүргүзүлүп, алардын азыркы имараттары менчиктештирилгенден кийин эки жылдын ичинде толугу менен аякташы керек.

Долбоорду башкаруу жоопкерчилиги Президенттик администрацияга жүктөлдү. Ал эми алты айдын ичинде Министрлер кабинети Бишкек шаарынын мэриясы менен бирге шаарчанын жайгаша турган жерин тактап, долбоордун концепциясын жана мекемелерди көчүрүү боюнча планды бекитиши керек.
 


Тектеш материалды окуу

  • Бишкекте заманбап медициналык шаарча курулат

    Бишкекте алдыңкы мамлекеттик медициналык мекемелерди бириктирген заманбап медициналык шаарча курулат. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу жарлыкка кол койду. Долбоор жеке инвестициялар, эл аралык уюмдардын колдоосу жана менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттар аркылуу каржыланат.
    2025-26-08 09:41:24