
Жарыяланган
2026-19-03, 18:032026-жылдын 19-мартында Бишкекте Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолукту.
Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Министр Дамир Осмонов Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Анын ичинде гуманитардык жардам, медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди берүү, ошондой эле кыргыз дарыгерлерин Кытайда окутуу жана стажировкадан өткөрүү бар.
Сүйлөшүүлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар сунуштар каралды. Тактап айтканда, катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды камтыган «Экспресс саламаттык — жаркын саякат» долбоорун ишке ашыруу жана тубаса жүрөк кемтиги бар балдарды дарылоо программаларын улантуу талкууланды.
Ошондой эле Синьцзян-Уйгур автономдук районунун ооруканалары менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен оорукана түзүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, салттуу медицина боюнча илимий борбор түзүү, фармацевтика тармагын өнүктүрүү жана дары чөптөрдү колдонуу багытында кызматташууну күчөтүү маселелерине көңүл бурулду.


