
Жарыяланган
2026-31-08, 13:06Кыргызстан менен Кытай эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди Түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим менен бекемдөөнү көздөп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн келген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди тосуп алуу салтанатында билдирди.
Садыр Жапаровдун айтымында, аталган келишим эки өлкөнүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүгө бекем негиз түзөт.
«Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык өнүгүүнүн жаңы, алтын дооруна кирди деп ишенимдүү айта алам», — деди ал.
Мамлекет башчысы экономикалык байланыштарга жана транспорттук инфраструктурага өзгөчө көңүл бурду. Ал Кытайды Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү деп атап, «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну улантууга даяр экенин белгиледи.
Анын айтымында, жаңы өткөрмө пункттарды ачуу, автомобиль жана темир жолдорду куруу эки өлкөгө Улуу Жибек жолунун тарыхый ролун кайра жандандырууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле Садыр Жапаров Кытайдын кезектеги беш жылдык өнүгүү планынын ишке ашырылышы Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдирди.
Президент Кыргызстандын Эл аралык медиация уюмуна жана Жасалма интеллект жаатындагы кызматташтык боюнча дүйнөлүк уюмга кошулганын да белгиледи.
Садыр Жапаров Кытайдын төрагасына Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитине катышууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын визити эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн маанилүү экенин белгиледи.



