
Жарыяланган
2026-31-08, 13:23Кытай Кыргызстан менен кызматташтыкты бекемдөөгө, өнүгүү стратегияларын макулдашууга жана мамлекеттик башкаруу жаатында тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары эки өлкөнүн мамилеси бир топ өнүгүп, кызматташтык бардык багыттар боюнча активдүү жүрүп жатат.
Си Цзиньпин Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна өзгөчө токтолду.
«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу сыяктуу көптөгөн долбоорлор туруктуу түрдө алдыга жылууда», — деди Си Цзиньпин.
Ал биргелешкен долбоорлор эки өлкөнүн өнүгүшүнө, калктын жашоо шартын жакшыртууга жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө салым кошорун белгиледи.
Кытайдын төрагасы Кыргызстандын 2030-жылга чейинки өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жакшы аракеттерди кылып жатканын белгиледи. Ал бул багытта Кытай кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин айтты.
Си Цзиньпин жети жылдан кийин Кыргызстанга кайра келгенин айтып, өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.
«Кыргызстандын канчалык тез өзгөрүп, өнүгүп жатканына өз көзүм менен күбө болдум» — деди ал.
Жолугушуунун соңунда Кытайдын төрагасы Кытайдын өкмөтүнүн жана элинин атынан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Кыргызстанга тынчтык жана өнүгүү, ал эми анын элине бакубат жашоо каалады.



