
Жарыяланган
2026-05-10, 14:41Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында кардиология, кардиохирургия, неврология, нейрохирургия, урология, гинекология жана жалпы хирургия багыттары боюнча кызмат көрсөтө турган «Клиника Ош» медициналык борбору ачылды. Борбор бир убакта 110 бейтапты кабыл ала алат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы жана медицина кызматкерлери катышты.
Мэр Жанарбек Акаев борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин айтып, долбоорду колдогон Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, жаңы клиника түштүк аймактын тургундарына сапаттуу медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Борбордо 120 жумуш орду түзүлгөн. Клиника Ош шаарынын гана эмес, жалпы түштүк аймактын тургундарына татаал ооруларды жеринде дарыланууга шарт түзүп, чет өлкөгө барып дарылануу зарылдыгын азайтууга жардам берет.


