Жарыяланган
2025-02-09, 16:52Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында жаңы мал базардын курулушу аяктап жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Жаңы мал базар Юбилейная көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишинде жайгашкан. Анын аянты 4 гектарды түзөт. Ал 1500 бодо мал жана 6000 майда мал-жандыкка эсептелген. Мал базарда 300 жумушчу орун түзүү пландалууда.
Ошондой эле ал жакта чарбалык сарайлар тургузулуп, аянты 360 чарчы метр болгон заманбап ашкана салынган. Андан тышкары касапкананын курулушу уланууда.
Жаңы базар 6-сентябрда ачылат деп пландалууда.
«Бүгүнкү күндөн баштап башка мал базардын сатуучулары акырындык менен жаңы жерге көчүп келе алышат. Учурда Пригородный базары толугу менен көчүп келди. «Жантай», «Эски толчок», «Расул-Ата» жана башка базарларды көчүрүү иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.