Akchabarsearch
Депозиттерди коргоо фондунун активдери 8.67 млрд сомго жетти

Жарыяланган

2025-02-09, 16:06

Депозиттерди коргоо фондунун активдери 8.67 млрд сомго жетти

Депозиттерди коргоо фондунун активдери 8.67 млрд сомго жетти. Бул тууралуу аталган фонд билдирди. 

Былтыр 31-декабрга карата фонддун активдери 7.47 млрд сом болгон. Жыл башынан бери ал дээрлик 1.2 млрд сомго өскөн: анын ичинен мүчөлүк акылардын эсебинен 601.3 млн сомго жана инвестициялык кирешенин эсебинен 593.82 млн сомго көбөйгөн. Жыйынтыгында 1-сентябрга карата активдер 8.67 млрд сомго жеткен. 

Быйыл активдерди 9 млрд 126.6 млн сомго жеткирүү пландалган. Сегиз айдын жыйынтыгы менен план 95%га аткарылган. 


Тектеш материалды окуу