Жарыяланган
2025-02-09, 17:34Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин эки орун басары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документтерге ылайык, Кубат Касейинов министрдин биринчи орун басары жана Мирслав Аманкулов министрдин орун басары кызматынан бошотулду.
Белгилей кетсек, жаратылыш министринин 4 орун басары болсо, анын экөө кызматтан кетти. Орун басарлык кызматта Марат Жусупбеков (Кыргыз геология кызматынын директору) жана Асел Раимкулова иштеп жатат.