Akchabarsearch
Бишкекте жер тамдын баасы 8.2%га өстү

Жарыяланган

2026-06-02, 17:22

Бишкекте жер тамдын баасы 8.2%га өстү

Быйыл январда 2025-жылдын декабрь айына карата жер тамдын бир чарчы метринин баасы 8.2%га өстү. Бул тууралуу маалымат Жер жана кадастр агенттигинин маалыматында көрсөтүлгөн.

2026-жылдын январь айында жер үйдүн бир чарчы метринин баасы 200 миң 29 сомду түзгөн. Былтыр декабрда бул баа 184 миң 902 сом болгон.

Ал эми батирдин бир чарчы метринин орточо баасы быйыл январь айында 107 миң 743 сом болду. Өткөн жылы декабрь айында анын баасы 126 миң 277 сомду түзгөн.

Бир айда батирдин баасы 14.7%га же 18 миң 533 сомго арзандаган.
 


Тектеш материалды окуу