Akchabarsearch
Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылды

Жарыяланган

2026-23-03, 09:02

Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылды

Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк тарабы реконструкциядан ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы 9 метр болуп, бул жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген. Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында көпүрө заманбап талаптарга ылайык кеңейтилди: анын туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге жетти.

Долбоордун алкагында көпүрө толугу менен кайра курулуп, кыймыл тилкелеринин саны көбөйтүлдү. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуар жасалды.


Тектеш материалды окуу