Akchabarsearch
Бишкекте жол кире төлөөдө бир нече өзгөрүү болот

Жарыяланган

2026-03-06, 18:00

Бишкекте жол кире төлөөдө бир нече өзгөрүү болот

Бишкектин мэриясы борбор калаадагы автобус жана электр автобустарда жол кире төлөөдө бир нече өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

Маалым болгондой, учурда мэрия шаарда жол кирени кымбаттатууну пландабай эле. Бирок шаар бийлиги жол кирени накталай төлөөдөн баш тартууну көздөп жатат. Жол кирени “Тулпар” картасы, банктык карта, QR-код аркылуу (электрондук түрдө) төлөөгө болот. Ошол эле учурда атайын белгиси бар, ичинде текшерүүчү отурган автобустарда гана жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүн болот. 

Чоң автобус жана электр автобустарда  (муниципалдык же жеке менчик экенине карабай) накталай эмес  төлөгөндөргө жол кире 17 сомду түзөт. Кичинекей автобустарда накталай же накталай эмес экенине карабай жол кире 20 сом болот. 

Мындан тышкары “Тулпар” транспорттук картасы менен жол кирени бир жолу төлөп, бир саат ичинде бир нече автобуска түшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү жатат. Бул муниципалдык автобустарга (электр автобустарга) гана тиешелүү болот. 

Маселен жаран бир автобуска саат 09:00дө түшүп, жарым саат жол жүргөндөн кийин, жолдон түшүп калып, автобус которо турган болсо, экинчи автобуска акысыз түшө алат. Бул жарандар накталай эмес төлөмгө өтүшү үчүн жасалууда. 
 


Тектеш материалды окуу