Akchabarsearch
Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынып жатканы ресторандын курулуш токтотулду

Жарыяланган

2026-03-06, 16:36

Ысык-Көлдө мыйзамсыз салынып жатканы ресторандын курулуш токтотулду

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз салынып жаткан ресторандын курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, Кызыл-Суу айылынын “Манас көчөсү 92” дарегинде салынып жаткан ресторанды текшерүү учурунда ал курулуп жаткан объектилердин реестрине катталбагандыгы аныкталган. Бул “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.

Ага байланыштуу ресторанды салып жаткан жаранга (М.В.) 200 мин сом айып салынган.

Министрлик жарандарды жана компанияларды мыйзамдарды так сактоого чакырат. 


Тектеш материалды окуу