
Жарыяланган
2026-28-10, 13:2731-октябрда жана 1-ноябрда Бишкектеги «Адинай» паркында «Жүрөк Фест" марафону өтөт. Анын алкагында шаар тургундары ден соолугун акысыз текшерте алышат.
Каалоочулар кан басымын өлчөтүп, кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин текшертип, дене салмагынын индексин аныктап, кардиологдон кеңеш ала алышат.
Акысыз медициналык текшерүүнү Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук кардиология жана терапия борбору уюштурат. Текшерүүдөн өтүү үчүн марафонго катышуу милдеттүү эмес.
Медициналык текшерүү төмөнкү убакыттарда жүргүзүлөт:
- 31-октябрда — саат 10:00дөн 16:00гө чейин;
- 1-ноябрда — саат 08:00дөн 13:00гө чейин.
Ал эми марафонго катышуучулар 3.5 же 10 чакырым аралыкка чуркай алышат.
Чуркоого катышуу үчүн сайт аркылуу катталса болот.



