
Жарыяланган
2025-05-11, 18:18УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев медицина кызматкерлеринин эмгек акысын келечекте бир топ жогорулатуу пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барганда айтты.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев аталган борборго алты комплект заманбап медициналык жабдууларды белекке тапшырган. Аталган жабдууларды сатып алууга президенттин Турукташтыруу фондунан 35.1 млн 100 миң бөлүнгөн.
Ташиев борбор үчүн жакында кошумча медициналык жабдуулар сатып алынарын убада кылды.
УКМК төрагасы дарыгерлердин өтүнүчү боюнча борбор үчүн 180 орундуу унаа токтотуучу жай куруу боюнча тапшырма берген. Ошондой эле медицина кызматкерлери суранган 1 кызматтык унаанын ордуна он кызматтык унаа берүүнү убада кылган.



