Akchabarsearch
Кыргызстанда орточо айлык акы бир жылда 11.7 миң сомго жогорулады

Жарыяланган

2026-27-08, 11:40

Кыргызстанда орточо айлык акы бир жылда 11.7 миң сомго жогорулады

Кыргызстандагы ишканаларда жана уюмдарда иштеген кызматкерлердин 2026-жылдын январь–июнь айларындагы орточо номиналдык айлык акысы 53 миң 759 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 42 миң 20 сом болгон. Бир жыл ичинде орточо эсептелген айлык акы 11 миң 739 сомго же 27.9%га өскөн.

Ал эми, керектөө бааларынын өсүшүн эске алуу менен реалдуу эмгек акы 15.3%га жогорулаган.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча, биринчи жарым жылдыкта орточо эсептелген айлык акы 614.8 долларды түздү.
 


Тектеш материалды окуу