Akchabarsearch
Медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта 100%га көтөрүлөт

Жарыяланган

2026-13-03, 12:24

Медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта 100%га көтөрүлөт

Медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта 100%га көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев 13-мартта Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алыскы аймактарда иштеген дарыгерлердин депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көбөйөт.

"Бул үч айда бир 66 миң сомдон алышат дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле алыскы аймактарда иштеген жетишсиз, көйгөй болуп жаткан бир нече кесиптер бар. Бул неонатолог, педиатр, анестезиолог, реаниматологдор ай сайын 20 миң сомдон кошумча айлык акы алышат”, - деди министрдин орун басары.

Ал билдиргендей, 100 пайыз көтөрүлгөн айлык акынын ичинде президенттик фонддон да ар бир дарыгерге жана медайымга ай сайын 15 миң сомдон бөлүнүп берилип жаткан акча бар. 


Тектеш материалды окуу