
Жарыяланган
2025-25-12, 11:45Президент Садыр Жапаров мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыктары 100 пайызга көтөрүлө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-декабрда Элдик курултайда билдирди.
Ал эки кесиптин ээлеринин кадыр-баркын көтөрүү керектигин белгиледи.
“2026-жылдын апрель айында мугалим жана дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт. Министрлер кабинетинин башчысы алардын маянасын 50 пайыздан кем эмес көтөрөбүз деп жарыя кылды эле. Биз кеңешип, 100 пайызга көтөрүүгө болот деген чечимге келдик. Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом, 1-апрелде 52 миң сомду түзөт.
Учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 31 миң 500 сомду түзсө, 2026-жылы 1-апрелинен тарта 62 миң 500 сом болот”, - деди Садыр Жапаров.


