
Жарыяланган
2026-11-03, 17:361-апрелден тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болот.
Учурда STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акылары гана жогорулап, калган тарых, кыргыз тили жана география мугалимдериники жогорулатылбайт жана бул предметтердин сааттары кыскарууда деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Агартуу министрлиги мектептеги ар бир мугалим келечек муунду тарбиялоо аркылуу мамлекеттик стратегиялык миссияны аткарат деген негизги принципти карманат.



