Akchabarsearch
Депутат: Айлык көтөрүлөт дегенден бери мугалимдердин сааты кыскарып жатат

Жарыяланган

2026-11-03, 10:59

Депутат: Айлык көтөрүлөт дегенден бери мугалимдердин сааты кыскарып жатат

Депутат Табылды Муратбеков мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт дегенден бери сабак сааттары кыскартылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аймактардагы мугалимдер ага кайрылып жатышат.

“География, тарых, биология мугалимдеринен кайрылуулар түшүп жатат. Президент Курултайда апрель айынан баштап мектеп мугалимдеринин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөрүн айткан. Мугалимдер сүйүнүшкөн. Агартуу министрлиги мугалимдерди сүйүнткөн иш-аракетти токтотуп жатат. Мугалимдердин саатын кыскартып жатышыптыр. Бул боюнча министрлик түшүндүрмө бериши керек”, — деди депутат.


Тектеш материалды окуу