Akchabarsearch
    Бишкектеги 16 сейил бактагы соода орундар ижарага берилет

    Жарыяланган

    2025-31-07, 15:50

    Бишкектеги 16 сейил бактагы соода орундар ижарага берилет

    Бишкектеги 16 сейил бактагы соода орундар ижарага берилет. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

    Соода орунун ижара алууну каалагандар 7-8-август күндөрү саат 09:00дон 16:00го чейин арыз калтыра алат. Ал үчүн "Шевченко көчөсү 25" дареги боюнча (жалпы бөлүм) кайрылуу керек. Кошумча маалыматты 0312 979 195 номери аркылуу алууга болот.

    Орундар балмуздак, суусундук, кофе, попкорн, оюнчуктарды сатып, велосипеддерди, балдар унааларын (ж.б.) ижара берип иштетем деген жарандарга берилет. 

    Келишим ижара акысы толук төлөнгөндөн кийин бир жылга түзүлөт. Ижара акы комиссия тарабынан белгиленет.


    Тектеш материалды окуу