Akchabarsearch
    Бишкектеги үч акча алмаштыруучу жайга 55 миң сомдон айып салынды

    Жарыяланган

    2025-08-08, 16:37

    Бишкектеги үч акча алмаштыруучу жайга 55 миң сомдон айып салынды

    Улуттук банк Бишкектеги үч акча алмаштыруучу жайга айып пул салды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

    Маалыматка караганда, акча алмаштыруучу жайлар өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн айыпка жыгылды. Алардан ар бири 55 миң сомдон айып төлөйт. 

    Адатта Улуттук банк айыпка жыгылган акча алмаштыруучу жайлардын атын ачыктабайт. 

     


     


    Тектеш материалды окуу