Жарыяланган
2025-08-08, 18:11Каракол шаарында "Ысык-Көл автобекети" филиалынын имараты толук капиталдык оңдоодон өттү. Бул тууралуу президенттин админстрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жаңыланган имаратты президент Садыр Жапаров көрүп чыкты.
1988-жылы салынган имаратты оңдоо иштери былтыр май айында президент берген тапшырманын негизинде жүргүзүлгөн.
Автобекет күнүнө 500-1 000 кишини тейлей алат.
Капиталдык оңдоонун алкагында имараттын чатыры алмаштырылып, инженердик тармактар жаңыланган. Ички бөлмөлөр заманбап жасалгаланып, жаңы терезелер жана эшиктер орнотулган. Мындан тышкары LED-экран жана трансляциялык система орнотулуп, имараттын сырты жаңыланып, айланасы көрктөндүрүлгөн.
Учурда Транспорт министрлиги автобекеттин аймагына асфальт төшөө иштерин улантууда.