Akchabarsearch
    Ысык-Көлдө "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комлексинин курулушу башталды

    Жарыяланган

    2025-08-08, 15:42

    Ысык-Көлдө "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комлексинин курулушу башталды

    Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа комплексинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

    Садыр Жапаров бул комплекс жыл бою иштеп, Борбор Азиядагы эң ири курортко айланарына ишене турганын билдирди. Долбоордун биринчи баскычында Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак аймактарында курулуш иштери жүрөт. 

    Президенттин айтымында, жакында Караколдон курортко чейин төрт тилкелүү жолдун курулушу башталып, эмки жылдын күз айларына чейин бүткөрүлөт деп пландалууда. Ошондой эле Каракол аэропортунан тик учактар каттап турат. 

    Курулуш бүткөн соң 250 чакырым лыжа жолу, 4 чакырым асма жол, 4 миң орундуу унаа токтотуучу жай, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору жана мейманканалар курулат. 5 миңге жакын туруктуу жумуш орду түзүлөт. Курорт жылына 2 млн туристти тосо алат. 

    Долбоордун биринчи баскычы 2026-жылы декабрда бүткөрүлүп,  Жыргалаң тоо-лыжасы база иштей баштайт.

    Жасалма кар жаадыруу системасы колдонулуп, лыжа базалары жылына 7 айга чейин иштей алат.  


    Тектеш материалды окуу