Akchabarsearch
Бишкектеги №2 ооруканасына медициналык жабдууларды сатып алууга 63 млн сомдук тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-05-06, 10:11

Бишкектеги №2 ооруканасына медициналык жабдууларды сатып алууга 63 млн сомдук тендер жарыяланды

Бишкек шаардык №2 көп тармактуу клиникалык ооруканасы медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 63 млн 600 миң сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, оорукана үчүн 12 түрдүү медициналык жабдуу алуу пландалууда. Алардын катарында электрокардиограф (ЭКГ), кардиомониторлор, УЗИ аппараты, эхокардиограф, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты жана башка жабдуулар бар.

Эң ири лот өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга каралып, анын суммасы 21.6 млн сомду түзөт. Мындан тышкары, эндоскопиялык жабдууларга 9 млн сом, эхокардиографка 8 млн сом жана УЗИ аппаратына 7.5 млн сом бөлүнгөн.

Тендердин шарттарына ылайык, жабдуулар ооруканага жеткирилип, орнотулуп жана пайдаланууга даяр абалда тапшырылышы керек. Жеткирүү мөөнөтү 10 жумушчу күндү түзөт.

Катышуучулар акыркы бир жыл ичинде ушуга окшош жабдууларды жеткирүү боюнча кеминде үч келишимди аткарганын ырастоого тийиш. Ошондой эле өндүрүүчүнүн расмий уруксат каты, лицензиялары жана техникалык тейлөө мүмкүнчүлүгү талап кылынат.

Тендердик сунуштар 18-июнга чейин кабыл алынат. Алдын ала төлөм каралган эмес. Төлөм жабдуулар толугу менен жеткирилип, кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт. Жабдууларга үч жылдык кепилдик мөөнөтү белгиленген.


Тектеш материалды окуу