Akchabarsearch

Жарыяланган

2026-05-06, 10:54

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кадамжайда Нургазиев каналы модернизацияланууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кадамжай районундагы Нургазиев каналынын модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.


Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен суу чарба кызматтарынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Учурда объектте курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Модернизациялоо аяктагандан кийин каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү секундасына 7.5 куб метрден 8 куб метрге чейин көбөйөт.


Таанышуу иштеринин жыйынтыгында Эрлист Акунбеков курулуш иштеринин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыздоону, курулуш графигинин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.


Тектеш материалды окуу