
Жарыяланган
2026-05-06, 12:00Нарын шаарындагы Т. Айматов көчөсү 78 дарегинде уруксат документтери жок административдик имарат курулуп жатканы аныкталды.
Курулуш иштерине керектүү архитектуралык жана долбоордук уруксаттар алынбай, иш өз алдынча башталган. Бул “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу болуп эсептелет.
Натыйжада курулуш жүргүзгөн “АБК Голд” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу жана курулушту талапка ылайык келтирүү боюнча көрсөтмө берилди.



