Akchabarsearch
Ош:Алымбек-Датка эс алуу жайында музыкалык оргума курулат

Жарыяланган

2026-05-06, 13:34

Ош:Алымбек-Датка эс алуу жайында музыкалык оргума курулат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Алымбек-Датка эс алуу жайындагы жаңы музыкалык фонтандын курулуш иштерине старт берди.

Буга чейин бул жерде эски фонтан жайгашкан. Эми анын ордуна толук оңдолуп-түзөлүп, музыка коштоосунда бийлеген заманбап фонтан орнотулат.

Долбоорго ылайык, узундугу 50 метрге жеткен фонтан жарык жана музыкалык эффекттер менен жабдылат. Кечинде шаар тургундары менен коноктор үчүн өзгөчө кооз көрүнүш тартуулайт.

Мэр курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.


Тектеш материалды окуу