Akchabarsearch
Жети-Өгүз: Саруу айылына 226 млн сомго мектеп курулду

Жарыяланган

2026-05-06, 13:36

Жети-Өгүз: Саруу айылына 226 млн сомго мектеп курулду

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.


Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 226 млн сомду түздү.

Башкы план боюнча, мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, үч блоктон турат. Мектепте заманбап окуу класстары, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, лаборатория, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 3220 чарчы метрди түзөт.


Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Жаңы окуу жылынан тарта мектеп окуучулар үчүн өз эшигин ачат.


Тектеш материалды окуу