Akchabarsearch
Каржы министрлиги июнь айында пландалгандан суммадан 2.5 эсе көп карыз алат

Жарыяланган

2026-05-06, 14:53

Каржы министрлиги июнь айында пландалгандан суммадан 2.5 эсе көп карыз алат

Кыргызстандын Каржы министрлиги мамлекеттик казына облигацияларын июнь айында чыгаруу көлөмүн кескин көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Жаңыланган графикке ылайык, июнь айында жалпы мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу көлөмү 12.35 млрд сомду түзөт. Бул май айынын аягында жарыяланган алдын ала планга (4.85 млрд сом) салыштырмалуу 7.5 млрд сомго же 2.5 эсеге көп.

Негизги өзгөрүү 12.86%дык чен менен кошумча 3 жылдык облигациялардын чыгарылышы менен байланыштуу. Бул боюнча аукцион бүгүн, 5-июнда өтөт, пландалган көлөмү — 7.5 млрд сом.

Июнь айындагы мамлекеттик карыз алуу түзүмү төмөнкүдөй:

12.86% менен 3 жылдык облигациялар — 7.5 млрд сом
5% менен 3 жылдык облигациялар — 850 млн сом
7% менен 7 жылдык облигациялар — 1.6 млрд сом
8% менен 10 жылдык облигациялар — 2.4 млрд сом

5-июнда министрлик 7.5 млрд сомдук 3 жылдык облигациялардан тышкары, инвесторлорго 8% үстөк менен 10 жылдык облигацияларды да сунуштайт (1.2 млрд сом).


Тектеш материалды окуу