Akchabarsearch
Талас шаарында сапатсыз салынган тротуарлар оңдолот

Жарыяланган

2026-04-06, 19:07

Талас шаарында сапатсыз салынган тротуарлар оңдолот

Талас шаарында сапатсыз салынган тротуарлар оңдолот. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Маалым болгондой, 2025-жылы шаарда салынган тротуарлар боюнча тургундардан арыздануулар түшкөн. Ага байланыштуу облус башчысы Эрмат Жумаев комиссия түзүүнү тапшырган. 

Комиссияга облус башчысынын орун басары, Талас шаарынын мэри жана орун басары, тиешелүү муниципалдык ишканалардын жетекчилери, тротуарды салган компаниянын өкүлдөрү жана техникалык көзөмөл жүргүзгөн адистер кирген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында компания тротуарлардын чөгүп кеткен жана тал-терек өсүп чыккан жерлерин сыйрып, кайра оңдоо милдеттендирилген.


Тектеш материалды окуу