
Жарыяланган
2026-04-06, 17:44Эт азыктарынын импортуна уруксат документтерди берип, квоталарды бөлүштүрүү үчүн акча алууга шектелип Ветеринардык кызматтын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Шектүү катары Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча Ветеринардык кызматтын аймактык башкармалыгынын жетекчиси жана улук инспектору кармалган. УКМК алар мурда алган акчаны кайтарып жатканда кармалганын билдирди.
Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.



