Akchabarsearch
Бишкектеги жарыктын өчкөнүнө эмне себеп болгону айтылды

Жарыяланган

2026-06-06, 17:15

Бишкектеги жарыктын өчкөнүнө эмне себеп болгону айтылды

Энергетика министрлиги Бишккектеги жарыктын өчүрүлүшүнө HOWO унаасы күнөөлүү болгонун билдирди. 

Министрликтин маалыматы боюнча, 110 киловольттук “Парковая” - “Ала-Арча” линиясынын 23 жана 24-мамысынын ортосунда иштеп жаткан HOWO унаасы зымды үзүп кетип, анын айынан борбор калаанын бир бөлүгү жарыксыз калган. 

Учурда жеринде адистер линияны калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. 

Энергетика министрлиги курулуш компанияларын электр линияларына жакын жерде иштөө боюнча тиешелүү талаптарды так аткарып, коопсуздук сакталмайынча, иш жүргүзбөөгө чакырды. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-июнда күндүз Бишкектин көп бөлүгүндө жана болбор калаага жакынкы аймактарда жарык өчкөн. Бул тууралуу жарандар социалдык тармактагы баракчаларында жазган.

Жарык өчкөндөн улам айрым райондордо суу менен маселе жаралган. Себеби үйлөргө басым менен суу берген насостук станциялар электр энергия менен иштейт.

Ошондой эле жарыктын жоктугунан көчөлөрдөгү жол чырактар иштебей калган. 

Учурда шаарга жарык кайрадан бериле баштады. 


Тектеш материалды окуу