
Жарыяланган
2026-06-06, 16:38Бүгүн, 6-июнда күндүз Бишкектин көп бөлүгүндө жана болбор калаага жакынкы аймактарда жарык өчтү. Бул тууралуу жарандар социалдык тармактагы баракчаларында жазууда.
Алардын айтымында, жарык өчөрдөн мурда Бишкек жылуулук электр борборунда күрүлдөгөн үн угулган. Учурда бул боюнча шаар бийлиги маалымат бере элек.
Жарык өчкөндөн улам айрым райондордо суу менен маселе жаралган. Себеби үйлөргө басым менен суу берген көп насостук станциялар электр энергия менен иштейт.
Ошондой эле жарыктын жоктугунан көчөлөрдөгү жол чырактар иштебей калып, кайгуул кызмакерлери жол кыймылын жөнгө салууга чыкты.
Кыргызстандын улуттук электр тармагы учурда электр энергиянын өчүрүлүшүнүн себеби такталып жатканын билдирди.



