Akchabarsearch
Таласта Россиядан ташылып келе жаткан 22 тонна нокот артка кайтарылды

Жарыяланган

2026-24-07, 16:45

Таласта Россиядан ташылып келе жаткан 22 тонна нокот артка кайтарылды

Талас облусунда Россиядан ташылып келе жаткан 22 тонна нокот артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, кыргыз-казак чек арасындангы “Чоң-Капка” фитосанитардык постунда Россиядан импорттолуп келе жаткан 22 тонна нокот текшерилген. Анын жүрүшүндө продукциянын таңгагында милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталган. Ага байланыштуу жүк артка кайтарылган. 

Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкөсү, экспорттоочу же реэкспорттоочу өлкөсү тууралуу маалымат көрсөтүлүшү керек. 


Тектеш материалды окуу