Akchabarsearch
Төрт айда Кыргызстанга  543.6 миң литр спирт импорттолду

Жарыяланган

2026-24-07, 15:44

Төрт айда Кыргызстанга 543.6 миң литр спирт импорттолду

2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга 543.6 миң литр спирт (100%) импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Өлкөгө импорттолгон спирттин жлапы наркы 492.1 млн сомду түзгөн.

Спирт Кыргызстанга 30дан ашык өлкөдөн ташылган. Бирок анын басымдуу бөлүгү Россия (266.8 миң литр) жана Өзбекстандан (118 миң литр) сатып алынган.

2025-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга 526.8 миң литр спирт импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу