Akchabarsearch
Таласта Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөр ээлерине тапшырылды

Жарыяланган

2026-24-07, 16:21

Таласта Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөр ээлерине тапшырылды

Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөр ээлерине тапшырылды. Батир ээлерине ачкычтарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жаңы салынган бул “Тынчтык Ордо” деп аталган турак жай комплекси 11 үйдөн турат. Аларда жалпы 319 батир бар. 

Адылбек Касымалиев президенттин жана өкмөттүн атынан жарандарды жаңы конуштуу болушу менен куттуктап, аларга бакыт, бакубатчылык каалады.

"Бул “Тынчтык Ордо” турак жай комплексинин пайдаланууга берилиши — мамлекеттик саясаттын айкын натыйжасы. Бул комплекс тынчтыктын, бакубатчылыктын жана үй-бүлөлүк бакыттын чыныгы символуна айлансын. Күчтүү мамлекет күчтүү үй-бүлөдөн башталат. Күчтүү үй-бүлөлөр күчтүү коомду, ал эми күчтүү коом күчтүү мамлекетти курат. Сиздерди жаңы үйлүү болушуңуздар менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктайм! Алар сиздерге бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин!" — деди Касымалиев.


Тектеш материалды окуу