
Жарыяланган
2026-24-07, 17:46Талас шаарындагы борбордук сейил бак жаңылануудан кийин пайдаланууга берилди. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиевдин айтымында, аталган сейил бакты жаңылоо үчүн бюджеттен 165 млн сарпталды. Сейил бакта заманбап аттракциондор, жашыл аймактар, жарыктандырылган жөө жүрүүчү жолдор жана шаар тургундары үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

"Өлкөнүн бардык аймактарында жаңы мектептер, ооруканалар, жолдор, стадиондор, аэропорттор жана сейил бактар курулууда. Бул — президент жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясаттын натыйжасы. Бул саясаттын негизги максаты — өз элине кызмат кылган мамлекетти куруу. Курулган ар бир мектеп — билим берүүгө салынган инвестиция; ар бир жаңы оорукана — адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө болгон камкордуктун белгиси; салынган ар бир жол — маанилүү экономикалык артерия; ал эми ар бир сейил бак — улуттун жашоо сапатына, ден соолугуна жана келечегине салынган салым", — деди ал.
Касымалиев быйыл Тлас шаарын өнүктүрүүгө 6.5 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи.


