Akchabarsearch
Балмуздактын импорту көбөйдү

Жарыяланган

2026-24-07, 18:31

Балмуздактын импорту көбөйдү

2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга 543.1 млн сомго балмуздак импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Өлкөгө жалпы 1 миң 753.9 тонна балмуздак ташып келинген. 

Кыргызстан балмуздакты Казакстан (1 миң 467.2 тонна), Россия (154.1 тонна), Өзбекстан (80.8 тонна), Кытай (23.6 тонна), Түркия (23 тонна) жана Беларустан (5.2 тонна) импорттогон.

2025-жылдын январь-апрель айларында өлкөгө 997.1 тонна балмуздак ташып келинген. Былтыркы төрт айга караганда быйылкысында импорт 776.8 тоннага көбөйгөн. 


Тектеш материалды окуу