
Жарыяланган
2026-20-02, 15:14Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-февралда саат 18:00дөн 23-февраль саат 06:00гө чейин Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Бул убакыт аралыгында жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу 8 автобусттук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт.
Алар: №71, №21, №2, №36, №40, №48, №48, №118, №254 каттамдар.
Мэрия шаар тургундарын белгиленген убакытта альтернативдүү багыттарды пайдаланууга чакырат.



