
Жарыяланган
2026-23-02, 14:10Бишкек шаарынын Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулуш иштери улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда объектте ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, санитардык түйүндөрдө кафель плиткаларын чаптоо жана фасаддык жумуштар аткарылууда.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 2 927 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулууда. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,8 гектарды түзөт. Аймакта 9 оюн аянтчасы каралып, айланасы бийиктиги 2,5 метр болгон темир тосмо менен тосулат.
Биринчи кабатта 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, буфет, ашкана, медициналык кабинет, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, ошондой эле чарбалык жана техникалык жайлар жайгашат.
Экинчи кабатта дагы 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, бөлүм башчынын кабинети, музыка жана дене тарбия сабактары үчүн залдар, кампалар жана кошумча бөлмөлөр каралган.



