Akchabarsearch
Бишкекте УКМКнын бала бакчасы курулат

Жарыяланган

2026-03-04, 16:48

Бишкекте УКМКнын бала бакчасы курулат

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаарында УКМКга караштуу бала бакчанын имаратынын пайдубалына мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Аземге УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жана курулуш, министри Нурдан Орунтаев катышты.

Жаңы бала бакча УКМКнын, башка укук коргоо органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин балдары үчүн курулууда. Анда балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп, заманбап билим берүү мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Иш-чарада мамлекеттик курулуш саясатынын артыкчылыктуу багыттары туруктуу жашоо чөйрөсүн калыптандыруу, архитектуралык жана шаар куруу тармактарын өнүктүрүү, турак жай-коммуналдык чарба жана инженердик инфраструктураны модернизациялоо экени баса белгиленди.

 


Тектеш материалды окуу