Akchabarsearch
Таластын Кара-Арча айылында 22.8 млн сомго бала бакча салынууда
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-16-04, 17:59

Таластын Кара-Арча айылында 22.8 млн сомго бала бакча салынууда

Талас облусунун Манас районунун Кара-Арча айылында 50 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, наркы 22.8 миллион сомду түзөт.

Бала бакча заманбап үлгүдө салынып, балдар үчүн бардык шарттар каралат. Учурда курулуш-монтаждоо иштеринин 75%ы аткарылды.

Курулуштун ар бир этабы текшерилип, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

 


Тектеш материалды окуу