
Жарыяланган
2026-16-03, 14:40Өзгөн районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринин кызматкерлери К.Б. аттуу жарандын паспорттук маалыматтарын колдонгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аны формалдуу кызматкер катары каттап, анын атынан социалдык төлөмдөрдү өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталды.
Бул алдамчылыктын кесепетинен К.Б.нын төрт жашка толбогон балдарына берилчү «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулу токтотулду.
Факт Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча катталып, райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда тергөө аракеттери уланууда.



