Akchabarsearch
Бишкектен Сокулукка №32 автобус каттай баштады

Жарыяланган

2024-19-12, 11:14

Бишкектен Сокулукка №32 автобус каттай баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкектен Сокулукка №32 автобус каттай баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Мэрия каттамга 25 автобус чыгарын, 10-14 мүнөт аралык менен жүрүп турарын кабарлады.

Жол кире шаар ичинде 20 сом, Сокулукка чейин 35 сом болот.

Жаңы каттам ачылгандыктан, №19 автобус каттамы ишин токтотот.


Тектеш материалды окуу