
Жарыяланган
2026-03-08, 09:27Бишкектин Биринчи Май районундагы тогуз көчөнү оңдоого 174 млн сомдон ашык каражатка тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөн.
Тендердин алкагында Кара-Балта, Урицкий, Кызыл-Аскер, Чүй-52 ("Ак-Босого"), Төлөбердиев, Фатьянов, Жаштык, Айдаралиев көчөлөрү жана БЧКнын жээгиндеги көчө капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Айрым көчөлөрдө тротуарлар, сугат тармактары да курулат.
Подрядчы компаниялар жол куруу боюнча лицензияга, ушул сыяктуу долбоорлорду аткарган тажрыйбага, керектүү техникага жана адистерге ээ болушу керек.
Долбоор боюнча 10% алдын ала төлөм каралган. Тендердик сунуштар 2026-жылдын 14-августуна чейин кабыл алынат.

