
Жарыяланган
2025-15-01, 16:46“Дос-Кредобанктын” директорлор кеңешинде өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдан бери башкармалыкты жетектеп келген Чолпон Эшбердиева кызматтан кетти.
"Анын жетекчилиги астында банк олуттуу ийгиликтерге жетишти: ал Кыргызстандагы биринчи жашыл банк болуп калды, жашыл облигацияларды чыгарды, эл аралык сыйлыктарга ээ болду жана өзүнүн тармагын олуттуу кеңейтти", - деп айтылат билдирүүдө.
Анын ордуна банк-финансы тармагында 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар Талантбек Өмүралиев келет. Ал улуттук QR код стандартын жана аралыктан идентификациялоо системасын киргизүү сыяктуу инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу менен белгилүү.



