
Жарыяланган
2026-18-02, 18:00Мамлекет ички жана тышкы инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүп келет жана мындан ары да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” жаратылыш паркындагы асма жолдун расмий ачылыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, ар кандай тармактарга инвестиция салууну каалаган ишкерлер үчүн мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлгөн. Буга байланыштуу негизсиз текшерүүлөргө мораторий киргизилген.
Президент күч түзүмдөрүнө кайрылып, өлкөнүн экономикасына салым кошуп жаткан инвесторлорго кысым көрсөтпөөгө чакырды.
“Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайыны жок эле кысымга албагыла. Эгер кандайдыр бир кысым көрсөтүлгөнү тууралуу маалымат угуп калсам, мага капа болбогула”, — деди Жапаров.
Өлкө башчысы ишкерлер ирденип алган соң, салыктык төлөм көбөйөрүн белгиледи. Мындан тышкары, жаңы жумуш орундары түзүлүп, мамлекеттин экономикасына олуттуу пайда алып келерин айтты.
Ошол эле учурда, ал инвесторлорго мамлекет тарабынан ар тараптан колдоо көрсөтүлүп жаткан учурда, өз кезегинде алар салыктарды жашырбай, ачык-айкын иш алып барышы керектигин белгиледи.


