Жарыяланган
2025-17-09, 13:55Быйыл сегиз айда Ысык-Көл облусуна республикалык бюджеттен 701 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен: теңдөөчү трансфертге – 121.2 млн сом, электр энергияга 50% компенсация – 32.7 млн сом, калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 57 млн сом, муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого – 324.2 млн сом, мыкты айыл өкмөтү -2 млн сом, мектепке чейинки мекемелерди каржылоого- 34.8 млн сом, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык – 50.5 млн сом каржыланган.
Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 93.8 млн сом бөлүнүп берилген.