Akchabarsearch
Кыргызстанда Финансы министрлигинин ыйгарым укуктары кеңейтилди

Жарыяланган

2026-23-10, 11:50

Кыргызстанда Финансы министрлигинин ыйгарым укуктары кеңейтилди

Кыргызстанда Финансы министрлигине жаңы милдеттер жүктөлдү. Эми министрлик мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун натыйжалуулугун баалап, Турукташтыруу фондунун каражаттарын башкарат жана мамлекеттик финансы тармагына электрондук аудит системасын киргизет.

Өзгөртүүлөр Финансы министрлигинин ишин жөнгө салган Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №253 токтомуна киргизилди. Тиешелүү №716 токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 22-октябрында кол койду.

Документке ылайык, Финансы министрлигине бир катар жаңы милдеттер берилди. Алардын негизгилери:

•    Мамлекеттик инвестициялар: инвестициялык долбоорлордун экономикалык натыйжалуулугун талдоо жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө;

•    Турукташтыруу фонду: фонддун эсептерин башкаруу, президенттин чечимдеринин негизинде каражаттарды которуу жана алардын пайдаланылышы боюнча отчет берүү;

•    Электрондук аудит: мамлекеттик органдардын финансылык операцияларын автоматташтырылган система аркылуу талдоо жана финансылык тобокелдиктерди аныктоо;

•    Бюджеттик каражаттар: республикалык бюджетти түзүү, каражаттарды бөлүштүрүү тартибин жакшыртуу жана жергиликтүү бийлик органдары менен иштешүү;

•    Ачык-айкындуулук: бюджет тууралуу маалыматты жарандарга түшүнүктүү кылып берүү жана «Жарандык бюджетти» даярдоо.

Мындан тышкары, министрлик коррупциялык мыйзам бузуулар тууралуу билдирүү жөнөтүү үчүн атайын байланыш каналдарын түзүп, алардын иштешин камсыздайт.

Өзгөртүүлөр Финансы министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик каражаттарды башкарууну жакшыртууга багытталган.

Токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
 


Тектеш материалды окуу